Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:48

Ошто баланын өлүмүнө шектелип 18 жаштагы кыз кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тогуз жаштагы баланын өлүмүнө шек саналып анын бир тууган эжеси кармалды.

Милициянын маалыматында, 19-декабрда шаардагы балдар ооруканасына бычак жеп, чарчап калган тогуз жаштагы жеткинчек жеткирилген. Көкүрөгүнөн жараат алган баланын сөөгүн жакындары алып келген.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери балага бычакты бир тууган эжеси шилтегенин аныкташкан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлагандай, кыздын ата-энеси ал психикалык жактан жабыркарын айтышкан, бирок тиешелүү документтерди - дарыгерлердин корутундусун көрсөтө алган эмес.

18 жаштагы шектүү Ош шаардык сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.

Акыйкатчы институту 2022-жылы Кыргызстанда жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, өндүрүштө калган.

Балдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да белгилеген. Ал 17-ноябрда Чүй облусу боюнча Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында мекеменин кызматкерлерин өлкөдө аялдар менен балдарга жасалып жаткан зомбулукка каршы күрөшүүгө үндөгөн. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG