Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:33

Кыргыз Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев дүйнөдөн кайтты


Сүйөркул Тургунбаев.
Сүйөркул Тургунбаев.

Кыргыз Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев бүгүн, 29-декабрда 84 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу акындын келини Асел "Азаттыкка" кабарлады.

Маркумдун тажиясы 31-декабрда болот, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

"Кечки троллейбус", "Замандаштын дүйнөсү", "Жарыктын ыры", "Эки аска" өңдүү ондогон китептердин автору Сүйөркул Тургунбаев 1940-жылы Базар-Коргон районундагы Беш-Кадам айылында туулган.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл акыны.

1979-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

1964-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөндөн кийин эмгек жолун 1964-жылы Алай районундагы мектепте орус тили, адабияты жана чет тили саба-гынан мугалим болуп иштөө менен баштаган. 1966-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1970–1984-жж. «Кыргызстан маданияты» гезитинде бөлүм башчы, 1986–1988-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында сын боюнча адабий кеңешчи болуп иштеген.

Биринчи поэтикалык жыйнагы «Бизде баары сүйлөйт» деген ат менен 1966-жылы басылып чыккан. Ал бир катар ырлар жана поэмалар жыйнактарынын, адабий сын макалалардын автору, В.Маяковскийдин, М.Ю.Лермонтовдун, И.Чавчавадзенин, Я.Шивазанын ырлары, моңгол элдик поэзиясын ж.б. кыргызчага которгон.

Акын быйыл июнда "Азаттыкка" маек куруп, ырларын окуп берген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG