Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:57

Сербияда шайлоонун расмий жыйынтыгына нааразылык уланууда


Белград шаары.
Белград шаары.

Сербияда парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгына нааразылык уланууда. Студенттер жана активисттер менен кошо аймактык жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү да иш таштап, каршылыгын билдирип жатышат.

Алар борбор калаа Белградда өкмөттүк имараттарды курчоого алып, негизги көчөлөрдү тосуп, 30-декабрда өтө турган ири акцияга камданып жатышканын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлоодо.

24-декабрда нааразылык акциясына катышып жаткан демонстранттар борбор калаанын администрациясынын имаратына кирүүгө аракет кылышканда полиция менен кагылышуу болгон, алардын айрымдарын кармап кетишкен.

Парламенттеги оппозициялык альянстын эки мүчөсү саясий ачкачылыгын улантып жатат.

Оппозиция президент Александр Вучичти жана анын «Сербиянын прогрессивдүү партиясын» 17-декабрда өткөн шайлоонун жыйынтыгын бурмалады деп айыптоодо. Башкаруучу партия шайлоочулардын добуштарынын 47%, ал эми оппозициялык «Сербия зомбулукка каршы» партиясы 23% алганы расмий жарыяланган.

Александр Вучич жана анын партиясы Сербияны 2012-жылдан бери башкарып келе жатышат.

17-декабрдагы шайлоого байкоо жүргүзгөн, 360 эксперттен турган, анын ичинде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун, Европарламенттин өкүлдөрү кирген эл аралык байкоочулар тобу шайлоодо олуттуу мыйзам бузуулар болгонун айтып чыгышкан. Алар мамлекеттик каражат максатка ылайык эмес коротулганын, жалпыга маалымдоо каражаттарында президент Вучичтин жана анын тарапташтарынын үстөмдүгү, «коркунуч өнөктүгү» байкалып турганын белгилешкен.

Бийлик мындай айыптоолордун баары негизсиз экенин айтып, тышкы күчтөр өлкөнүн ички иштерине кийлигишип жатышканын айтып айыптоодо. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG