Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:21

Казакстан «Талибанды» террордук уюмдар тизмесинен чыгарат


Казак-ооган бизнес-форумунун катышуучулары. Астана, 2023-жылдын 3-августу.
Казак-ооган бизнес-форумунун катышуучулары. Астана, 2023-жылдын 3-августу.

Казакстан Ооганстанда бийлик башында турган «Талибан» кыймылын тыюу салынган уюмдар тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн 29-декабрда мамлекеттик "Казинформ" маалымат агенттигине казак Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айбек Смадияров билдирди.

Дипломаттын айтымында, Казакстан өлкөдө тыюу салынган террордук уюмдардын тизмесин актуалдуулугуна карата улам ревизия жүргүзүп турат. Ушул жараяндын алкагында «Талибанды» тизмеден чыгаруу чечими кабыл алынды.

"Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин аткарууга милдеттүү болгон резолюцияларына ылайык, "Талибан" кыймылы террордук деп таанылган уюмдардын тизмесинде жок", – деди Смадияров.

Ал эми саясий алака тууралуу суроого ал Казакстан БУУнун Коопсуздук кеңешинде жана Башкы ассамблеясында кабыл алынган чечимдерди жана резолюцияларды «бекем карманарын» айтып жооп берди.

«Талибанга» бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган. Казакстандын Жогорку сотунда мындай чечим 2005-жылы 15-мартта кабыл алынган. Ооган бийлиги талибдердин колуна өткөн 2021-жылдан бери Астана бир нече жолу Кабулга расмий делегацияларын жөнөткөн, Ооганстандын жаңы бийлиги менен байланышка, мисалы, гуманитардык көйгөйлөрдү чечүүгө жардамдашууга дярдыгын билдирген .

Быйыл августта Астанада 300дөй адам катышкан казак-ооган ишкерлер форуму өткөн, ага бизнесмендерден тышкары «Талибандын» өкүлдөрү катышкан.

"Талибанга" Кыргызстанда да тыюу салынган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын сайтындагы расмий маалыматта айтылгандай, 2006-жылы 15-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май сотунун чечими менен ал террордук уюм катары табылып, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.

АКШнын аскердик күчтөрү 2021-жылы 31-августта Ооганстандан чыгып кеткен. 15-августта "Талибан" Кабулда бийликти басып алган. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG