Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:57

Аргентина BRICS уюмуна мүчө болуудан баш тартты


Хавьер Милей.
Хавьер Милей.

Аргентина Батыш экономикасынан тышкаркы бир нече ири мамлекетти бириктирген BRICS уюмуна мүчө болуудан баш тартты. Өлкөнүн жакында шайланган президенти Хавьер Милей бул тууралуу аталган уюмга мүчө өлкөлөрдү кабардар кылганын бүгүн 29-декабрда жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

Милей бул уюмга кошулуудан экономикалык пайда же кандайдыр бир артыкчылык көрбөй турганын, уюмга мүчө болгон башка өлкөлөр менен эч кандай ортомчулуксуз, ар бири менен өзүнчө түз кызматташууга, экономикалык алаканы өнүктүрүүгө даяр экенин айтты.

Президенттикке ат салышып жаткан учурда эле өзүн BRICS уюмуна мүчөлүккө каршы талапкер катары көрсөтө алган Милей АКШ менен кызматташтыкты күчөтүү керектигин, зарыл болсо улуттук валюта песодон америкалык долларга өтсө болорун билдирип келген.

Аталган уюмга Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка мүчө. Быйыл августта өткөн соңку саммитинде альянс жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу планын жарыялаган. Уюмга мүчө болуу сунушун Аргентинадан тышкары Египет, Иран, Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Арабиясы жана Эфиопия алышкан. Сунуштан 2024-жылдын 1-январына чейин расмий түрдө баш тартпаса алар автоматтык түрдө мүчө болду деп эсептелишет.

Талдоочулардын пикиринде, Аргентинанын Орусия жана Кытай кошулган экономикалык клубга кирүүдөн карманган, Батышка ыктаган жаңы лидери BRICS уюмуна Иран да мүчө болот деген келечекке кескин каршы болгондуктан ушундай кадамга барды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG