Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:03

Киев: Орусия Украинага жанкечти-дрондор менен чабуул койду


Киев чабуулдан кийин. 29-декабрь, 2023-жыл.
Киев чабуулдан кийин. 29-декабрь, 2023-жыл.

Орусиялык аскерлер 30-декабрга караган түнү Украинаны "Шахед" үлгүсүндөгү жанкечти-дрондор менен аткылады.

Бул тууралуу Украинанын Башкы штабы билдирди. Маалыматта орусиялык күчтөр учкучсуз учактан онду учурган, анын бешөө атып түшүрүлгөн. Киев жарадар болгондор барын, алардын саны такталып жатканын билдирди. Бир катар жарандык объекттер жана турак үйлөр кыйраган.

29-декабрда орусиялык күчтөрдүн Украинанын шаарларын жапырт аткылоосунан улам 30дай адам каза таап, 160ы жарадар болгону кабарланган. Украинанын аскер жетекчилиги Орусия Украинага 158 ракета жана дрон учурганын билдирди. Киев, Днепр, Одесса, Запорожье баштаган шаарларга урулган соккулардан турак үйлөр жана жарандык объекттер кыйраган.

Орусия 29-декабрдагы чабуулу үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин сынына кабылды. Киев жана анын өнөктөштөрү жапырт аткылоого байланыштуу чукул жыйын өткөрүүгө чакырышты.

"Тилекке каршы 2023-жыл кандай башталса, ошондой бүтүп жатат - Украинанын калкы зомбулуктан жапа чегүүдө", - деди Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн БУУнун баш катчысынын орун басары Халед Хияри.

Кеңештин көптөгөн мүчөлөрү АКШ, Франция жана Британия чабуулду айыпташты. Кытайдын өкүлү Украинадагы кырдаалды "саясий жактан жөнгө салуу керектигин" айтты. Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Украинадагы жай тургундардын өлүмүн украиндердин абадан коргонуу күчтөрүнүн ишине байланыштырды.

XS
SM
MD
LG