Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:40

Президент Садыр Жапаров инвестиция боюнча сынга жооп берди


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

“Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент ишкер Манас Саматовдун анын дарегине жолдогон сын-пикирине жооп кайтарган. Өз сөзүндө Садыр Жапаров инвесторлор көп келип жатканын, Инвестиция боюнча агенттик жана Экономика министрлиги алар менен тыгыз иштешип жатканын айткан.

“Болгону анча-мынча алдамчылар сырттан келген инвесторлорду алдап койгон фактылар болуп жатат. Мисалы, кечээ жакында эле 20 млн доллардан ашык сумманы инвестордун өзүнө чыпчыргасын коротпой кайтартып бердик. Эми дагы бир ишкер орусиялык инвестордун 14 млн долларын алдап алыптыр. Аны кайтартуу процесси жүрүп жатат. Дагы майда-чүйдө мындай фактылар көп”.

Президент мындан тышкары ички инвесторлордун ресурстарын тартуу иши тууралуу да пикирин айткан. Ал “Кирешелерди адалдаштыруу жөнүндө” мыйзам чыкканы менен, аны аткарууга ашыккандар жок болуп жатканын билдирген. Мындан улам үлгү болуу үчүн мыйзамсыз чогултулган кирешелерди адалдоо процессин өзү баштап берүүгө ниеттенип жатканын кошумчалаган.

“Биздин көпчүлүк байларыбыз акчаларын сыртта сактап келишет. Ошон үчүн “Кирешелерди адалдаштыруу жөнүндө” мыйзамды кабыл алып бердик. Азырынча эч ким деле аны пайдаланып, легализация кыла элек. Легализация кылышса, анан сырттагы акчаларын алып келишет. Жаңы жылдан кийин биринчилерден болуп мен өзүм баштап легализация кылып берейин деп атам. Менин сыртта сактаган акчам жок. Өлкө ичиндеги мурда өзүмө катталбаган мүлктөрүмдү гана легализация кылам. Ал эми сыртта акчасы бар байларыбыз легализация мыйзамын пайдаланып, акчаларын алып келип, ар кайсы тармактарга инвестиция кылышат деп күтүп атабыз”.

Садыр Жапаров 27-декабрда социалдык тармактагы баракчасында чет өлкөдөн келген инвесторлорду алдап кеткен фактылар катталып, укук коргоо органдары алгарга чара көрүп жатканын жазган. Фермер Манас Саматов “Азаттыкка” ушул боюнча берген маегинде президент системаны түзүп, иштеткендин ордуна, пост жазмай менен алек болуп жатат” деген пикирин билдирген.

Жалпы жонунан Кыргызстанга келген инвестиция кыскарууда. Улуттук статистика комитетинин эсебинде, 2023-жылдын тогуз айында Кыргызстанга сырттан 654 млн 621,9 миң доллар түз инвестиция келген. Бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 31,8% аз. (KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG