Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:58

Орунтаев курулуш компанияларына лицензия берүү жана жокко чыгаруу тартиби жеңилдерин айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда курулуш тармагында иш алып барган компанияларга лицензия берүү тартибин жеңилдетүү каралууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев 30-декабрда “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди. Ал курулуш компанияларынын лицензиясын кайтарып алуу иши да жеңилдей турганын айтып, муну мамлекеттин көзөмөлүн күчөтүү чарасы катары белгилеген.

Орунтаев өлкө боюнча 6 миңдей компанияга лицензия берилгенин, учурда алардын 400дөйү гана иштеп жатканын кошумчалады. Турак жай сатып алууда текшериле турган документтер үчүн атайын ачык реестр түзүлө турганын кабарлады.

“Турак жай салып жаткан курулуш компаниялары онлайн камераларды коюп, биздин системага кошуп койсун. Эл аны ошол жактан текшерип турат. Ошондой эле курулуш боюнча текшерүү жарандар үчүн кыйын болуп жатат, анын документи барбы, жокпу, биле алышпайт. Биз ошол реестрин онлайн форматка өткөрөлү деп жатабыз. Ал жерде компаниянын кандай документи, уруксаты бар, буга чейинки долбоорлору кандай болгон, баары ачык көрүнөт”.

Курулуш агенттиги Кыргызстанда 224 обьект уруксатсыз курулганын, эми мыйзамсыз курулуштарга көзөмөл күчөтүлөрүн 18-декабрда билдирген. Андан соң мекеме сот органдарына өткөрүп берген курулуш компаниялардын жана уруксат кагаздары жок объектилердин тизмесин жарыялап, жарандарды бул жайлардан турак жай сатып албай турууга чакырган.

Бишкек шаарында жана Ош шаарында көп кабаттуу турак жайдан батир сатып алган бир топ жарандар курулуш бүтпөй жатканын жана мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып, бийликке утур-утур кайрылуу жолдоп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG