Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:35

Си Цзинпин Тайвандын Кытай менен кайра биригүүсү шексиз экенин айтты


Си Цзинпин.
Си Цзинпин.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин 31-декабрда жаңы жылдык кайрылуусунда Тайвандын Кытай менен «кайра биригүүсү» шексиз экенин айтты. Бул жолу, Reuters агенттиги белгилегендей, анын аталган маселе боюнча билдирүүсү былтыркыга караганда өктөмүрөөк айтылды.

Былтыркы кайрылуусунда Си кысыктын эки жээгиндеги адамдар «бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү» экенин, алар «кытай элинин узак убакыт бою өсүп-өнүгүүсүнө бирегелешип аракет кыларына» үмүттөнөрүн гана айткан.

Мамлекеттик телеканалдар аркылуу көрсөтүлгөн кайрылуусунда Кытайдын башчысы келерки жылы өлкөнүн экономикасынын калыбына келүү тенденциясын дагы күчтөндүрөрүн, терең реформалар аркылуу узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүнү колдоого аларын айтты.

Тайван 1949-жылдагы жарандык согушта Коммунисттер жеңип чыккандан кийин Кытайдан бөлүнүп алган. Кытай Тайванды өзүнүн “ыйык территориясы” деп атап, бул арал эгемендигин жарыяласа күч колдонорун эскертип келет.

Кытай бийлиги арал менен мамиле түзүп, бирдиктүү Кытай принцибин бузуп жатат деп АКШны сындап келет. Тараптардын алакасы АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси 2022-жылдын августунда Тайванга барып кеткенден кийин курчуган. Бул окуя дүйнөлүк коомчулуктун көңүл чордонуна чыккан.

АКШ Тайвандын эгемендигин тааныбайт, бирок Кытайдын аны күч менен кошуп алышына каршы жана мыйзамга ылайык аралга аскердик жардам берүүгө укуктуу. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG