Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

Президент Жапаров кыргызстандыктар ашкере саясатташканын билдирди


Президент Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда кыргызстандыктар ашыкча саясатташып кеткенин билдирди. Ал соңку 30 жылдык тарыхта жалаң саясий окуяларга басым жасап жүрүп, эл мектеп жашындагыларга чейин тегиз саясатташып кеткенин, коомдо кандай маселе жалпы талкууга түшпөсүн, ага түшүнүп-түшүнбөй эле, билип-билбей эле ызы-чуу салган жарандар катмары пайда болду деген пикирин айтты.

“Тилекке каршы, бул көрүнүш сөз эркиндиги менен алмашып калды. Ал аз келгенсип, аны модага айландырып, "блогермин" деп, биздин калкыбыздын менталитетине туура келбеген пикирин таңуулагандар да бар. Албетте, мунун баары билимдин, маданияттын жеткиликтүү болбогонунан, рухий жардылыгыбыздан болуп жатат. 30 жылдан бери саясат деп жүрүп, мамлекетибизди сазга батырыптырбыз. Келиңиздер, эң жок дегенде 10-15 жыл саясатты четке коюп, экономиканы алдыга жылдырып, элдин турмушун жакшыртуу менен алек бололу”,- деп билдирген президент.

Жапаров жарандарды маданиятты көтөрүүгө жана билимди арттырууга үндөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG