Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Жаңы жыл түнү "Ала-Тоо" аянтынан 50дөн ашык бала жоголуп, кайра табылды


Бишкек. "Ала-Тоо" аянты. 1-декабрь, 2024-жыл
Бишкек. "Ала-Тоо" аянты. 1-декабрь, 2024-жыл

Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында өткөн жаңы жылдык иш-чарадан кийин “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери төрт тонна таштанды чыгарды. Бул тууралуу 1-январда калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Таштанды чыгарууга алты техника жана 60тай жумушчу тартылган.

Акыр-чикир быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу бир тоннага аз болду. Соңку жылдары жаңы жылдык иш-чарадан кийин чогултулган таштанды беш тоннадан кем болгон эмес.

Маалыматка караганда, аянттагы концертти көрүүгө 25 миңдей киши топтолгон. Бул түнү калаадагы коопсуздукту сактоого 2500 миңдей милиция кызматкери тартылды.

Концерт маалында жоголгон 55 бала аман-эсен жакындарына кайтарылганы кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG