Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Газа: ЦАХАЛ "бардык сценарийге даяр" экенин маалымдады


APTOPIX Lebanon Blast
APTOPIX Lebanon Blast

Израил армиясы Бейрутта ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун жетекчи орун басары өлтүрүлгөндөн кийин жасаган билдирүүсүндө “бардык сценарийге даяр экенин” билдирди. ЦАХАЛдын өкүлү Дениэл Хагари Аруринин өлүмүнө байланыштуу үн каткан жок.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму Ливанда Салех аль-Аруринин өлтүрүлүшү “тынчсыздануу жаратып жатканын” белгилеген. 2-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, уюмдун баш катчысынын өкүлү Флоренсия Сото Нино жаңжал бүтүндөй аймакка жайылып кетет деген коркунуч бар экенин айтты.

Салех ал-Арури Бейрутта жок кылынганын ХАМАС куралдуу тобу ырастады. Ал куралдуу топтун саясий бюросунун башчысынын орун басары болчу. Ошондой эле анын аскердик ишмердигине да аралашып келген. Маалыматтарга караганда, ал ХАМАСтын кеңсесинин жанында уюштурулган жардыруудан мүрт кеткен. Андан тышкары уюмдун эки командири жана төрт мүчөсү да жок кылынганы кабарланды.

Израилдин чалгын кызматы 57 жаштагы Салех аль-Арури мамлекетке каршы бир катар чабуулдарга, анын ичинде 2014-жылдын июнь айында үч өспүрүмдү барымтага алуу жана өлтүрүүгө катыштыгы бар деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG