Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:42

Украинадагы согушка катышкан Бөрүгул уулу соттолгону белгилүү болду


Бекназар Бөрүгул уулун кармоо учурунда тартылган сүрөт. УКМКнын сүрөтү.
Бекназар Бөрүгул уулун кармоо учурунда тартылган сүрөт. УКМКнын сүрөтү.

Нарын облустук соту “Вагнер” жеке менчик компаниясы менен Украинадагы согушка катышкан деп айыпталган Бекназар Бөрүгул уулун беш жылга абакка кести. Мындай өкүмдү облустук сот 2023-жылдын 7-декабрында чыгарганы 4-январда белгилүү болду. Нарын шаардык соту буга чейин ушундай эле өкүм кылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бекназар Бөрүгул уулун былтыр 1-августта кармаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал 2022-жылы 22-февралда Орусияга иштегени барып, кийин кылмыш жасаганы үчүн түрмөгө камалган. Абактан “Вагнер” жеке менчик компаниясы аркылуу келишимдик негизде Украинадагы согушка катышканы аныкталган.

Бекназар Бөрүгул уулуна Кыргызстанда Кылмыш-жаза кодексинин “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү” деген беренеси менен айып тагылган.

Бекназар Бөрүгул уулунун жакындары ал аргасыздан “Вагнер” тобуна кошулганын айтып, кыргыз бийлигинен ырайым сурашкан.

Бул Кыргызстанда Орусия тарапта Украинадагы согушка катышканы үчүн кармалган экинчи окуя.

Былтыр 30-августта Кыргызстандын Жогорку Соту “Украинадагы согушка катышкан” деген айып менен соттолгон Аскар Кубанычбек уулуна чыккан райондук жана шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишти кайра кароого жөнөткөн.

Кыргызстандын укук коргоо органдары эгер кыргыз жарандары чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип келет. (BTo)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG