Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Пакистан 541 миң ооган жаранын мекенине кайтарганын билдирди


Ооган мигранттары чек арада.
Ооган мигранттары чек арада.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги 3-январга карата бул өлкөдө жашап жүргөн 541 миң ооган жараны мекенине жөнөтүлгөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алардын баары документи жок мигранттар болгон.

Мыйзамсыз мигрант болуп жүргөн оогандыктарды кайра кайтаруу өнөктүгүн Пакистан өкмөтү былтыр октябрда активдештирген.

Расмий Исламабад юридикалык документи жалпысынан 1,7 миллион ооган жаранын мекенине кайтарарын билдирди.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасы ансыз да каттачылыкта жашап жаткан мекенине кайтканда алардын дээрлик баары жашаган жери, иштеген жумушу жок болгондуктан түрдүү кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын маалымдоодо.

Пакистан Ооганстан менен түндүк жагынан чектешип турат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG