Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:12

Арстан Алай №31 түзөтүү мекемесинде каза болду


Арстан Алай. УКМК тараткан сүрөт.
Арстан Алай. УКМК тараткан сүрөт.

Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев 5-январда Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын №31 түзөтүү мекемесинде каза болду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирди. Ал Арстанбек Абдылдаев эмне болуп каза тапканын тактаган жок.

Жаза аткаруу кызматы азырынча маалымат бере элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Арстанбек Абдылдаев “диний кастыкты козуткан” деген шек менен кармалганын 2023-жылы 15-декабрда билдирген. Ага “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деген айып коюлган. Атайын кызматтын маалыматында ал өзүн “жаңы Кудай” жана “куткаруучу” деп эсептеп, башка диндерди жана ишенимдерди туура эмес экенин айтып, терс баа берип келгени жазылган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө анын жашаган жеринен жана лекция өтүүчү жайынан бир катар адабияттар, китептер, компьютер жана электрондук материалдар алынган.

Бишкектин Октябрь райондук соту Арстанбек Абдылдаевди 15-январга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган. Адвокат Кайсын Абакиров кийин ал №31 түзөтүү мекемесине которулганын, бул тууралуу эч кандай маалымат берилбегенин билдирди.

Арстанбек Абдылдаев 2011, 2017 жана 2021-жылдары өткөн президенттик шайлоолордо талапкерлигин койгон. 2020-жылы анын “мен Кудаймын” деген сөзү атайын экспертизага берилгени кабарланган.

Бул маселе парламентте көтөрүлүп, андан кийин милиция Арстанбек Абдылдаевге карата Жазык кодексинин 313-беренеси (“Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу”) боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын айрым тарапкерлери буга нааразылыгын билдирип чыгышкан. Кийин милиция бул иште кылмыштын курамы жок экенин негиз кылып, иш кыскартылган.

Абдылдаев 2011, 2017 жана 2021-жылдары өткөн президенттик шайлоолордо талапкерлигин койгон. Ал шайлоо алдында өткөн дебатта мамлекет башчы Садыр Жапаровду сындаган сөздөрдү айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG