Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:58

Ош мэриясы Райымбек Матраимовдун үйүнүн тосмосун бузууга киришти


Райымбек Матраимовдун үйүнүн короосун бузуу учуру. 8-январь, 2024-жыл.
Райымбек Матраимовдун үйүнүн короосун бузуу учуру. 8-январь, 2024-жыл.

8-январда Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Оштогу Супаналиев көчөсүндөгү үйүнүн тосмосун бузуп жатат.

Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Максатбек Орозалиевдин айтымында, Матраимовдун үйүнүн тосмосунун 9 метри муниципалдык жерге тиешелүү. Калаа бийлиги короону курчаган дубалды алуу тууралуу былтыр декабрдын аягында эскертүү берген.

Мурдагы бажычынын үйүнөн эч ким комментарий берген жок.

Буга чейин эркин журналист Ыдырыс Исаков Матраимовдун үйүнүн короосу муниципалдык жерге кирип кеткени тууралуу видео жарыялаган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө “мафия түзгөн” деп айыптаган.

Матраимов акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек. Анын азыр кай жакта экени белгисиз. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG