Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

Казакстанда иш таштаган мунайчылар бийликке кайрылды


Иш таштаган мунайчылар.
Иш таштаган мунайчылар.

Казакстанда жумуш шартын жакшыртууну талап кылган мунайчылардын акциясы уланууда. 8-январда алар бийликке кезектеги кайрылуусун жарыялап, президент Касым-Жомарт Токаевден маселени чечүүгө көмөк сурашты.

Талаптары аткарылмайынча нааразылык акциясын уланта берерин айткан жумушчулар: «Иш таштаганыбызга 29 күндүн жүзү болду. Биз мыйзамдуу талаптарды коюп жатабыз. Акциябызды баштагандан бери бизге ар кандай басым, кысым жасалууда, адамдарды таратууга аракет кылып жатышат. Бул жерде тургандар террорист эмес, кылмышкер эмес, Казакстандын адилеттикти сурап жаткан катардагы жарандары», — деп айтышты.

«Азаттыктын» казак кызматы билдиргендей, ишкананын инженердик-техникалык курамына кирген 20 чакты кызматкер акциясын токтотуп, жумушка чыкты, калгандары улантууда.

Маңгыстау облусунун Жетыбай айылында West Oil мунай компаниясынын 500дөй жумушчусу 11-декабрда иш таштаган. Алар компанияны «КазМунайГаз» компаниясынын курамына киргизүү, маянаны ошого жараша бирдиктүү системага ылайык төлөө жана жумуштагы колдонулуучу техниканы жаңылоо деген үч талап коюшкан.

Казакстандын Энергетика министрлиги жана «КазМунайГаз» компаниясы жетибайлыктардын талаптарын негизсиз жана аткарылышы мүмкүн эмес деп эсептей турганын билдиришкен.

Жумушчулар талаптарды аткаруу үчүн бийликтен саясий эрк гана керек болуп жатканын айтышкан.

Сот мунайчылардын акциясын мыйзамсыз деп тапкан. Жумушчулар эмгек шартын жакшыртуу талабын ачык айтып чыгууга укуктуу экенин, акциясын тынч жана мыйзам бузбастан өткөрүп жатканын айтууда.

Казакстандын аймактарында жумушчулар нааразылыкка чыккан окуялар соңку жылдары көбөйдү. Негизинен алар маянаны көбөйтүү жана эмгек шартын жакшыртуу талабын коюп келишет. Айрымдарынын талабы аткарылса, кээ бирлери жумушунан бошонууга аргасыз болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG