Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Түптө ишкердин үйүн карактаган деген шек менен эки киши кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Ысык-Көлдүн Түп районунда ишкердин үйүнө бастырып кирип, аёосуз аракеттер менен каракчылык кылууга шек саналган эки киши кармалды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 9-январда билдиргендей, шектүүлөр 31-декабрда таңкы саат 5терде Түп айылындагы жергиликтүү тургундун үйүнө терезеден кирип, үй ээсин уруп, байлап салышкан. Анын жубайын да уруп, тогуз жаштагы баласын бычак менен коркутуп, акча талап кылганы айтылат милициянын маалыматында.

Кылмышка шектүүлөр акча жана уюлдук телефондорду алып кетишкен. Алар Бишкектен кармалган. Экөө тең Түптүн тургундары экени аныкталды.

Ички иштер министрлиги алар ишкерди карактаганын билдирди, бирок жабырлануучу кандай ишкерлик менен алектенери, канча каражаты каракталганы тууралуу маалымдаган жок.

Шектүүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 2-бөлүгү (Каракчылык) менен иш козголду. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG