Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:19

Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоого шек саналып дагы бир адам кармалды


Кармалган шектүү. УКМК тараткан сүрөт.
Кармалган шектүү. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу кирешелерин адалдоого көмөк көрсөткөн деген шек менен дагы бир адам (В.Р.Г.) кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүү 2016-жылдан бери кылмыш жолу менен табылган каражатты мыйзамдуу деп көрсөтүү менен алектенип, Камчы Көлбаевдин “Березка” мончо комплексин, “Барс”, “Каганат Резорт” эс алуу борборлорун, Чолпон-Ата шаарындагы “Ордо” соода комплексин жана “Сейил” шаарчасындагы коттедждерди курууга катышкан.

Ал 8-январда кармалып УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайында камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” беренеси менен айып тагылууда.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Бул окуядан кийин Кыргызстанда Камчы Көлбаевдин кылмыштуу жол менен табылган каражатын адалдоого шек саналып чоң-чоң курулуш компанияларынын жетекчилери да кармалган. Алардын көбү ар кандай жагдайда үй камагына чыгышты. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG