Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:12

Москвада “жарым жылаңач” кече өткөрүлгөн клуб үч айга жабылды


Блогер Анастасия Ивлеева жана рэп ырчы Жиган.
Блогер Анастасия Ивлеева жана рэп ырчы Жиган.

Москвада сот блогер Анастасия Ивлееванын “дээрлик жылаңач” кечеси өткөрүлүп, бир топ чуу жараткан “Мутабор” клубун үч айга жабууну чечти. Бул тууралуу 10-январда соттун маалымат кызматы билдирди.

Чечимде айтылгандай, "клуб санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган". Маалыматка караганда, көңүл ачуучу жайдын кардарларынын бири сырага ууланган.

Ивлееванын “дээрлик жылаңач” деп аталган кечеси бул клубда 21-декабрда өткөн. Ага Филипп Киркоров, Лолита Милявская, Дима Билан жана башка ырчылар, журналист Ксения Собчак жана бир катар рэперлер барган.

Жарым жылаңач барган рэпер Васиону 27-декабрда Москва соту “бейбаштыкка” айыптап, 15 суткага камады. Андан тышкары “ЛГБТны пропагандалаган” деген кине менен 200 миң рубль же 2180 АКШ доллары өлчөмүндөгү айып пул салды.

Көп өтпөй кечеге барган атактуулар биринин артынан бири жапырт кечирим сурашты.

Маалыматтарга караганда, МТС мобилдүү байланыш оператору, “Тинькофф” банкы жана “ВК” социалдык тармагы, ТНТ менен НТВ телеканалдары Ивлеева жана кечеге барган башка белгилүүлөр менен жарнамалык келишимдерин үздү. Андан тышкары бир катар компаниялар аталган артисттерди жаңы жылдык кечелерге чакыруудан баш тартышты.

Алардын кечирим сураган акциялары интернетте ар кандай талкууларга жем таштады. Айрымдар муну Сталиндин доору менен салыштырып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG