Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:12

Гаага соту Израилге каршы арызды кароого киришти


Гаагадагы БУУнун Эл аралык сотунун судьялары
Гаагадагы БУУнун Эл аралык сотунун судьялары

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Гаагадагы Эл аралык соту бүгүн 11-январда Түштүк Африканын Израилге каршы арызын кароого киришти. Бул өлкө Израилди Газа секторунда палестиндерге каршы геноцид жүргүзүп жатат деп арызданган.

Эл аралык соттун президенти Жоан Донохью алгач арызданган тараптын, ал эми жума күнү Израилдин жүйөлөрү угуларын айтты:

«Сот бүгүн жана эртең Түштүк Африканын чара көрүү тууралуу өтүнүчү боюнча тараптардын оозеки билдирүүлөрүн угат. Түштүк Африка Геноцид кылмышын алдын алуу жана ал үчүн жазалоо тууралуу конвенцияга таянып Израилге каршы арызданган”.

Иш саясий өңүткө ээ болуп, бүткүл дүйнөнүн көңүл борборунда болуп жаткандыктан Гаагада эки жактын тең тарапкерлери түрдүү акцияларды өткөрүп жатышат.

Израилди колдогондор октябрдагы кол салууда барымтага алынгандардын сүрөттөрүн кармап, көчөгө чыгышты.

Түштүк Африка да, Израил да 1948-жылы кабыл алынган геноцид тууралуу конвенциянын мүчөсү. Анда геноцид деген түшүнүк «улуттук, этникалык, расалык же диний топту толук бойдон же жарым-жартылай жок кылуу ниетинде жасалган аракеттер» деп аныкталган.

Түштүк Африка мамлекети 29-декабрда БУУнун жогорку сотуна арыз менен кайрылган. Аталган өлкө Израилди Газа секторунда палестиналыктарды геноцид кылып жатат деп айыптап, согуштук аракеттерин токтотуу талабын коюуну өтүнгөн.

Газадагы азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрда ХАМАСтын Израилдин айрым шаарларына кол салуусу себеп болгон. Израил ХАМАСтын бул кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 170тей аскери окко учканын билдирүүдө.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 20 миңден ашуун адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, дагы 2,3 миллиондой адам үй-жайын таштап качууга мажбур болду. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG