Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:33

Финляндия Орусия менен чек арасын жабык калтырды


Финляндиянын Орусия менен чек арасы.
Финляндиянын Орусия менен чек арасы.

Финляндия Орусия менен чек арасын жабык кармоо режимин дагы төрт апта, 11-февралга чейин улантат. Бул тууралуу бүгүн 11-январда өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. Муну менен мекеме ортодогу чек ара бекеттери жабык бойдон калары тууралуу маалыматты тастыктады.

10-январда айыл жана токой чарба министри Сари Эссайя YLE улуттук телекомпаниясына курган маегинде чек араны 15-январда ачуу тууралуу сөздөр болгонун, бирок бул мөөнөттө ачылбай калганын билдирген.

Финляндия Орусия менен чек арасын башпаанек сурап кайрылгандар көбөйгөнүнө байланыштуу өткөн жылдын соңунда жапкан жана муну Москванын атайын пландаган кадамы деп сыпаттаган. Кремль мындай айыптоону четке каккан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG