Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:22

Депутат Эмил Жамгырчиевдин кайда экени белгисиз болууда


Эмил Жамгырчиев.
Эмил Жамгырчиев.

Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиев кайда экени белгисиз болууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" фракциянын лидери Жанар Акаев 12-январда билдирди.

"Телефону өчүк болуп, аны менен байланышууга эч мүмкүн болбой жатат. Туугандарына, досторуна да байланышка чыкпаптыр", - деди Акаев.

10-январда Жогорку Кеңеш депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Алишер Эрбаев Эмил Жамгырчиев 2022-жылы “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал Өзбекстандын жараны Салим Абдувалиевден колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, жолукканын айткан.

Бул маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да ырастады. Атайын кызматтын төрагасы “чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып коюлган Кыргызстандын жарандары камакка алынбай турганын” билдирип, Эмил Жамгырчиевди иш сотко өтсө сотко келүүгө чакырды.

Эмил Жамгырчиев буга чейин чек арадан мыйзамсыз өтпөгөнүн айткан.

Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылууда.

9-январда комиссия жабык жыйынында Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. “Азаттыкка” парламенттеги ишенимдүү булактар билдиргендей, ушул эле күнү Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, чыгып кеткен. Ошондон бери анын кайда экени белгисиз болууда.

Өзбекстанда 74 жаштагы Салим Абдувалиевдин кармалганы былтыр декабрдын башында маалым болгон.

Ал 2017-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн Күрөш ассоциациясынын төрагасы болуп турган. Ар кандай маалыматтарда анын чөлкөмдөгү шектүү олигарх экени, таасирдүү криминалдык төбөлдөр менен байланыштары айтылат. Wikileaks сайты Абдувалиевдин орус президенти Владимир Путин менен да байланышын жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG