Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:00

Айсулуу Тыныбекова Хорватияда рейтингдик мелдеште алтын алды


Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен. Хорватия. 12-январь, 2024-жыл.
Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен. Хорватия. 12-январь, 2024-жыл.

12-январда кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Хорватияда өтүп жаткан Zagreb Open рейтингдик мелдешинде алтын медал алды. 62 кг чейинки салмак ченинде ал финалда АКШдан келген балбан кыз Кайла Мираклды 7:0 эсебинде утту.

Ага чейин АКШлык дагы бир балбан кызды, андан кийин Кытайдын, Орусиянын, Жапониянын спортчуларын утуп финалга чыккан. Бул Айсулуу Тыныбекованын 2024-жылдагы биринчи эл аралык турнири.

Zagreb Open рейтингдик мелдешинде 68 кг чейинки салмак ченинде кыргызстандык балбан кыздар Нурзат Нуртаева жана 76 салмакта Айпери Медет кызы күч сынашат.

Айсулуу Тыныбекова былтыр 22-сентябрда Белградда өткөн дүйнө чемпионатында үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болуп, Париж Олимпиадасына жолдомо уткан.

Ошол эле жылдын апрель айында Астанада болгон Азия чемпионатында да алтын алып, кыз-келиндер күрөшү боюнча беш жолу Азия чемпиону аталган алгачкы кыргызстандык балбан кыз болуп калды. Өткөн жылы Венгрияда, Египетте өткөн эл аралык рейтингдик мелдештерде да алтын медал тагынды. Октябрь айында XIX Азия оюндарында коло медал уткан.

30 жаштагы Айсулуу Тыныбекова Олимп оюндарынын күмүш медалынын, бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG