Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:21

Эмил Жамгырчиев соңку жагдайлар тууралуу парламентте маалымат берет


Эмил Жамгырчиев
Эмил Жамгырчиев

Депутат Эмил Жамгырчиев өзүнө байланыштуу иш тууралуу Жогорку Кеңештин 17-январда өтчү жыйынында маалымат берет. Бул тууралуу депутат "Азаттыкка" өзү билдирди.

Ал жыйында УКМКга суракка барганга чейин кайда жүргөнүн, эмне үчүн парламенттин имаратынан качып кеткени тууралуу да айтарын кошумчалады.

Өзбекстандын уюшкан кылмыштуу тобунун башчысы Салим Абдувалиевге жазылган кат тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

"Болгон маалыматты мен атайын комиссиянын отурумунда айткам. Бул кылмыш иши бир жылдан бери келатат. Мен катты көрө элекмин. Эмне жөнүндө экенин билбейм. Бирок сессияга чыкканда, 17-январда мен да эмне болуп жатканы тууралуу сурайм. Ошол отурумда толук маалымат алсаңар болот", - деди Жамгырчиев.

10-январда Жогорку Кеңеш Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген. Бул маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Алишер Эрбаев Жамгырчиев 2022-жылы Өзбекстандын “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал жараны Салим Абдувалиевден колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, ага жолукканы тууралуу маалымат бар экенин айткан.

Бул маалыматты УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да ырастаган. Ал “чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып коюлган кыргыз жарандары камакка алынбай турганын” билдирип, Жамгырчиевди иш сотко өтсө, сотко келүүгө чакырган.

Жамгырчиев ага чейин чек арадан мыйзамсыз өтпөгөнүн билдирген.

Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон.

Депутаттык комиссия Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген чечимин 9-январда жабык жыйында кабыл алган. “Азаттыкка” парламенттеги ишенимдүү булактар билдиргендей, ушул эле күнү Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын парламенттеги иш бөлмөсүнө кирип, 2-кабаттан терезеден секирип түшүп, чыгып кеткен. Андан бери анын кайда жүргөнү белгисиз болуп жаткан.

Өзбекстанда 74 жаштагы Салим Абдувалиев кармалганы былтыр декабрдын башында маалым болгон. Ал 2017-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн Күрөш ассоциациясынын төрагасы болуп турган. Ар кандай маалыматтарда ал чөлкөмдөгү шектүү олигарх экени, таасирдүү криминалдык төбөлдөр менен байланыштары айтылат. Wikileaks сайты Абдувалиевдин орус президенти Владимир Путин менен да байланышын жазган. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG