Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:45

Былтыр декабрда өлкөгө 19 кыргыз жаранынын сөөгү алынып келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 2023-жылдын декабрь айында чет өлкөлөрдө каза болгон 19 кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине алып келүүгө жардам берди. Бул тууралуу мекеменин өткөн жылдын декабрь айындагы иши тууралуу маалыматта айтылат.

Буга чейин министрлик 2023-жылы чет өлкөлөрдөн мекенине 500дөн ашык кыргызстандыктын сөөгү алынып келгенин, алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан, калгандары Түштүк Кореядан, Түркиядан, Казакстандан алынып келгенин билдирген.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, 2022-жылы чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын, 2021-жылы 540 адамдын сөөгү “Жүк-200” болуп келген.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын 800 миң жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. Бейрасмий маалыматтарда чет жактагы мигранттар 1 миллиондон ашат. Алардын көбү Орусияда. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG