Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Балыкчыда балык саткан соодагерлер аларды көчүрүүгө каршы чыкты


Балыкчы шаарындагы айланма жолдо балык саткан соодагерлер.
Балыкчы шаарындагы айланма жолдо балык саткан соодагерлер.

Балыкчы шаарындагы айланма жолдо балык саткан соодагерлер аларды “Ак-Кеме” экопостунун күн чыгыш жагы, мурдагы “Улан” кафесинин жанына көчүрүүгө каршы чыкты.

Соодагерлердин бири Улан Абдылдаев алар буга чейин да сөз болуп жаткан жерге көчүрүлүп, соода болбой калганда мурдагы ордуна кайтып келишкенин айтты.

“Бул жерде жол тыгыны болот деген шылтоо айтылып жатат. Бирок бизге окшоп тургандар кетет экенбиз да, дүкөнү барлар калат экен. Аларды 18 метр жылдырабыз дейт. Бирок алар жылып алып балык, алма, өрүгүн сата берет да. Анан тигил четтеги бизге киши барабы? Эч ким барбайт. Ошол эле тыгын болгон жерде балыктар кайра сатылат. Биз балдарды кантип багабыз? Ал жакка барып банкрот болуп кайра келбедик беле. Бул жактагылардын баары эле каршы болуп турушат”, - деди ал.

Балыкчы шаардык мэриясы айланма жолдо жайгашкан балык базарындагы дүкөндөрдү 18 метр артка жылдырып жатат.

Вице-мэр Аманат Тукунов базардагы соодегерлерди башка аймакка көчүрүү иши мыйзамдын чегинде эле болуп жатканын, түшүндүрүү иштери дагы жүргүзүлөрүн айтты. (AsK)

XS
SM
MD
LG