Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

24.kg агенттигинин жетекчилери дагы суракка чакырылды


Махинур Ниязова (солдо) менен Асел Оторбаева (оңдо) укук коргоо органдарынын автоунаасына отурган маалы. 15-январь, 2024-жыл.
Махинур Ниязова (солдо) менен Асел Оторбаева (оңдо) укук коргоо органдарынын автоунаасына отурган маалы. 15-январь, 2024-жыл.

24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева менен редактору Махинур Ниязова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) 17-январь саат 11:30га суракка чакырылышты. Бул тууралуу агенттиктен маалымдашты.

24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева жана сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь 15-январда УКМКга сурак беришкен. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралганын, маалыматтарды ачыкка чыгарбоо катына кол коюп бергенин айтышкан.

Атайын кызмат 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Кылмыш иштин алкагында кеңседеги компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынганы кабарланган.

Буга чейин Махинур Ниязова иш “Украинадагы согуш боюнча жазылган макалага” байланыштуу экенин айткан.

24.kg – Кыргызстанда интернет тармагында гана иш алып барган көз карандысыз медиа. Ал 2006-жылы Юстиция министрлигинен маалымат агенттиги катары каттоодон өткөн. Негизинен кыска жаңылыктарды жазуу менен алектенген сайт мындан сырткары кенен макалаларды, журналисттик иликтөөлөрдү, фото-видео репортаждарды, графикалык жана башка форматтагы материалдарды жарыялап турат. Агенттиктин басма сөз жыйынын өткөрчү аянтчасы да бар. Сайтта кабарлар үч тилде: кыргызча, орусча жана англисче жарыяланат.

Былтыр сентябрда Орусиянын Роскомнадзор мекемеси 24.kg сайтынын жаңылыктар бөлүмүнө бөгөт койгон.

16-январдын таңында Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын журналисттеринин үйлөрүн, кеңселерин тинтип, 11 журналистти 48 саатка камаган. Милиция алар "Массалык башаламандыкты уюштуруу" беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышканын маалымдаган.

Кыргызстандагы журналисттердин кармалышы жана маалымат каражаттарынын кеңселери жабылышынэл аралык уюмдар айыптап, кыргыз бийлигинжурналисттерди куугунтуктаганды токтотууга үндөдү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG