Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:24

Медиа коомчулук: Көз карандысыз журналисттер бийликке умтулбайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы медиа коомчулук журналисттердин жапырт кармалышына байланыштуу 17-январда кайрылуу таратты. Анда Кыргызстан укуктук мамлекет жана эл аралык коомчулуктун толук кандуу мүчөсү катары сөз эркиндигин жана маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыздоочу талаптарды сактоосу тийиштиги белгилеген.

"Кыргызстандагы көз карандысыз журналисттер жана маалымат каражаттары саясий мекеме эмес, алар бийлик үчүн умтулбайт. Журналист - коомдун коррупция жана бийликтин ачык иштөөсү үчүн күрөшкөн куралы. Көз карандысыз маалымат каражаттарын жок кылуу саясатчылардын, активисттердин, жалпы эле жарандардын бийликке кайрылуучу үнүн, адилеттикти жана мыйзамдуулукту сактоо талабын жеткирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат", деп жазылган анда.

Кайрылуу ээлери журналисттерди согушту пропагандалоого жана массалык башаламандыкка чакырууга айыптоо менен өлкөдө цензура орнотуу аракети жүрүп жатканын белгилешкен.

Кайрылууда өлкө бийлигин журналисттерди ишмердиги үчүн куугунтукту токтотуу, аларга, жарандык актвисттерге, укук коргоочуларга куугунтуксуз иштөөгө шарт түзүп берүүнү, ЖМК тууралуу мыйзамды чакыртып алуу, журналисттер менен кепке келип, сүйлөшүүгө чакырык ташталган.

Ошондой эле журналисттер эл аралык уюмдарга да кайрылып, Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына көз салууга чакырышууда.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникаларын алып кетип, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек. 24.kg агенттигинин жетекчилери 17-январда УКМКга дагы суракка чакырылышты.

16-январдын таңында Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүздү.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирди.

Шектүү катары 11 адам кармалды. Алар – “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапар Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана “ПолитКлиникада” иштеген Тыныстан Асыпбеков.

Болот Темиров “Азаттыкка” курган маегинде акыркы окуяларды анын командасынын журналисттик ишмердигине байланыштырды.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG