Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:32

Башкыртстанда активист Фаил Алсынов төрт жылга абакка кесилди


Фаил Алсынов.
Фаил Алсынов.

Бүгүн 17-январда Башкыртстанда жергиликтүү экоактивист, Орусияда тыюу салынган "Башкорт" уюмунун мурдагы жетекчиси, Куштау тоосун коргоп чыккандардын бири Фаил Алсынов жалпы тартиптеги колонияга төрт жылга кесилди.

Ага «жек көрүүчүлүктү же кастыкты козутуу» деген берене менен иш козголгон.

Прокурор активистти төрт жылга жатак абакка кесүүнү сунуш кылган.

Иш Баймак райондук сотунда жабык каралды. Соңку күндөрү ал жерде миңдеген адам чогулуп, Алсыновго колдоосун билдирип жатышты. Өкүм жарыяланып жаткан учурда да соттун алдында бир нече миң киши топтолуп, "Боштондук!" жана "Фаил, биз сени менен!" деп коштоп турушту.

Полиция аларды күч менен таркатууга аракет кылганда ортодо кагылышуу болгонун жергиликтүү активисттер кабарлашты.

Соңку маалымат боюнча, күч органдары кеминде беш демонстрантты кармап кетишти.

Активистке каршы иш Башкыртстандын башчысы Радий Хабировдун арызынын негизинде козголгон. Буга Алсыновдун 2023-жылы 28-апрелде Баймак районунун Ишмурзино кыштагында эл алдында сүйлөгөн сөзү себеп болгону кабарланган. Тергөө Алсынов "Кавказдын жашоочулары", "Орто Азиянын" жана "армяндар" деген сөздөрдү колдонуп, кишилер тобунун адамдык ар-намысын кемсинткен деп эсептей турганын билдирген.

Активист өзү мындай айыптоону четке кагууда.

Алсынов мурда "Башкорт" деген уюмдун жетекчиси болчу. Бул уюмду Орусия бийлиги 2020-жылы экстремисттик деп жарыялап, өлкө аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салган.

Башкыртстандын башчысы Радий Хабиров активистти «экстремисттик ишмердүүлүгү» жана «мамлекетке каршы чакырыктары» үчүн кылмыш жообуна тартууну өтүнгөн.

Алсынов 2018-жылы Башкыртстандын Ишимбай районунда жайгашкан Куштау тоосун коргоп калуу үчүн уюштурулган акциялардын катышуучусу болгон. Бийлик тоону «Башкыр сода» компаниясына өткөрүп берүүгө аракет кылган, бирок активисттердин аракети менен ага жаратылыш эстелиги деген макам ыйгарылган. (RK)

XS
SM
MD
LG