Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:47

17-январь: Кыйраган тик учак, кызамыктан чарчаган балдар, Башкырстандагы кырдаал


Кырсыкка кабылган Ми-8МТВ аскердик тик учагы, 17-январь 2024-жыл.
Кырсыкка кабылган Ми-8МТВ аскердик тик учагы, 17-январь 2024-жыл.

17-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Бишкекте тик учак кырсыгынан бир аскер набыт болду

Бишкекте Достук кичи районуна жакын “Фрунзе-1” авиабазасында Ми-8МТВ аскердик тик учак кулап, андагы экипаждын бир мүчөсү каза болду. Бортто жалпы 11 киши болгон. Жаракат алгандардын төртөө реанимацияга жаткырылды, алардын бири өтө оор абалда. Калган төрт кишинин абалы орто деп бааланууда. Дагы эки аскер кызматкери Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылды. Аскердик тик учак кырсыгына байланыштуу бир нече кызматкер жумуштан убактылуу четтетилди. Коргоо министрлиги кызматтык териштирүү башталганын, кырсык машыгуу учурунда болгон билдирди.

ЖМКларга байланыштуу комиссия түзүү сунушу берилди

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин 17-январдагы жалпы жыйынында президент Садыр Жапаровго кайрылып, жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу акыркы окуялар боюнча комиссия түзүүнү сунуштады. Ал журналисттердин үйүн, кеңселерин тинтүүгө алып, өздөрүн жапырт камоого жана көз карандысыз эркин медиаларга козголгон кылмыш иштерине кайдыгер карап коюуга болбой турганын айтты. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев “комиссия түзүү зарылчылыгы жок экенин, өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин” билдирди. 16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин кармап, аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып койду. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар журналисттерди эркиндикке чыгарууну талап кылышууда.

Көлбаевдин эки машинеси мамлекеттик мекемелерге берилди

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик мурда кримтөбөл Камчы Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) таандык болгон эки автоунааны президенттин иш башкармалыгы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берди. Маалыматка ылайык, 2019-жылы чыккан Kia Rio X-Line үлгүсүндөгү 1 млн 150 миң сомдук машинеси УКМКга, 2017-жылы өндүрүштөн чыккан 25 млн 500 миң сомдук Mercedes-Benz S600 автоунаасы президенттин иш башкармалыгына берилди. Андан тышкары Көлбаевдин мамлекетке алынган машинелеринин дагы төртөө - BMW Alpina XB7, Mercedes-Benz G500, Hyundai Genesis, Toyota Land Cruiser Prado аукционго коюлду. Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Атайын кызмат анын 60тан ашык люкс автоунаасы мамлекетке алынганын кабарлаган.

Камчы Көлбаевдин мамлекетке алынган автоунаалары.
Камчы Көлбаевдин мамлекетке алынган автоунаалары.

Кызамыктан тогуз бала чарчап калды

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тогуз бала кызамыктан чарчап калганын парламенттеги жыйында билдирди. Министр эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 22 миңге жеткенин, алардын көбү диний түшүнүктөн улам экенин белгилеп, бул маселе боюнча Мусулмандар дин башкармалыгы менен иштешип жатканын кошумчалады. ЮНИСЕФ уюмунун 15-декабрдагы баяндамасында айтылгандай, Европа жана Борбор Азия чөлкөмүндө кызамыктын жайылышы 2022-жылга салыштырмалуу болуп көрбөгөндөй өскөн. Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашында жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө.

Башкырстанда наарызылыкка чыккандар менен полиция кагылышты

Башкырстанда соттун алдында нааразылыкка чыккандар менен полиция кагылышып, ондогон киши кармалды. Күч кызматкерлери көздөн жаш агызган газ чачып, бир нече киши жабыркаганы кабарланды. Жергиликтүү экоактивист, Орусияда тыюу салынган "Башкырт" уюмунун мурдагы жетекчиси, Куштау тоосун коргоп чыккандардын бири Фаил Алсынов төрт жылга соттолуп, камакка алынганы миңдеген кишинин митингге чыгуусуна түрткү болду. Активистке «жек көрүүчүлүктү же кастыкты козутуу» беренеси менен иш козголгон. Тергөө Алсынов "Кавказдын жашоочулары", "Орто Азиянын" жана "армяндар" деген сөздөрдү айтып, "адамдардын ар-намысына шек келтирген" деп тапкан. Прокурор айыпталуучуну төрт жылга жатак абакка кесүүнү суранган. Акыркы жылдары Алсынов башкыр тилин коргоп чыкканы менен да белгилүү. Ал буга чейин Орусиядагы аскердик мобилизацияны “башкыр элинин геноциди” деп атап, Украинадагы урушту “биздин согуш эмес” деп айткан. Ар кандай маалыматтар боюнча активистти коргоп, эки күндөн бери уланып жаткан митингге беш миңдан ашуун киши чыкты. Бул - Орусия Украинада согуш баштагандан берки эки жылда өлкөдө болгон эң ири акциялардын бири.

Израил менен ХАМАС гуманитардык жүк боюнча мунасага келди

Израил жана ХАМАС (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобу Газа секторунда барымтада турган израилдиктерге дары-дармек өткөрүп берүү жана бул үчүн анклавдын эң көп талкаланган райондоруна гуманитардык жардам жеткирүү тууралуу макулдашууга жетишти. Согушкан эки тараптын мунаса келүүсүнө Катардын жана Франциянын өкүлдөрү ортомчу болгону кабарланды. Маалматка караганда, Газанын жайкын тургундары үчүн азык-түлүк, барымтадагы израилдиктер үчүн дары-дармек салынган гуманитардык жүк 17-январда эки аскердик учак менен Дохадан Египетке жөнөтүлөт, андан ары Газага жеткирилет. Израил армиясы Газа тилкесинде ХАМАС радикал тобуна каршы согуш ачканына 100 күндөн ашты.

Украинанын бир нече аймагы ракета жана дрон чабуулуна кабылды

17-январга караган түнү Харьков шаарында Орусиянын ракеталык соккусунан бир жай тургун набыт болуп, 17 киши жараат алды, алардын бири 90 жаштагы карыя. Облустук администрациянын башчысы Олег Синегубовдун айтымында, эки С-300 ракетасы Белгород тараптан учурулган. Көп кабаттуу 20 үй, медициналык борбор жана 14 автомашина талкаланганы кабарланды. Одесса облусу да өткөн түнү Орусиянын дрон чабуулуна кабылып, үч киши жараат алды, жарандык инфраструктура объектилери жабыркады. Жалпысынан өткөн түнү Орусия Украинанын аймагына 20 Shahed дронун учурганы, анын 19у атып түшүрүлгөнү маалымдалды.

XS
SM
MD
LG