Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Аламүдүн капчыгайында жоголгон адам табыла элек


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары. Чүй. 17-январь, 2024-жыл.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары. Чүй. 17-январь, 2024-жыл.

Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды издөө иши 18-январда да уланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы маалымдагандай, ага 187 куткаруучу, 11 дрон, 17 техника, “Инсараг” издөө-куткаруу тобунан беш куткаруучу, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 35 кызматкери тартылды.

Мекеме издөө иштерин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев көзөмөлдөп жатканын билдирди. “12 каминов” эс алуучу борборунун аймагында министрдин орун басары Урматбек Шамыркановдун башчылыгында штаб түзүлгөн.

14-январда Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында 28 жаштагы Мухамбеталы Маматалы уулу дайынсыз жоголгону кабарланып, издөө иштери башталган.

Анын жакындары буга чейин издөө иштери жай жүрүп жатканын билдирип, коомчулуктан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жардам сураган. (BTo)

XS
SM
MD
LG