Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Орусия Москва жана Ленинград облустарында дрондор кармалганын ырастады


Санкт-Петербургдагы деңиз порту.
Санкт-Петербургдагы деңиз порту.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага кол салгандан бери алгачкы жолу бүгүн 18-январда Ленинград облусунда дрон кармалганын расмий кабарлады. Санкт-Петербургдун губернатору Александр Беглов «Ленинград облусундагы инцидентке байланыштуу» жабыркагандар жок экенин, тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Жергиликтүү маалымдоо каражаттары учкучсуз учактан үчөө болгонун, экөө Фин булуңуна, үчүнчүсү Санкт-Петербургдагы деңиз портуна жакын мунай терминалынын аймагына түшкөнүн, ал жакта жарылуу болуп, 130 чарчы метр жерде өрт чыкканын жазышты.

Коргоо министрлиги Москва облусунда да өткөн түнү дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Москванын мэри Сергей Собянин окуя Подольск аймагында болгонун, баштапкы маалымат боюнча, жабыркагандар жок экенин айтты.

Түшкө маал Москванын «Внуково» аэропорту да убактылуу жабык турду, учууга жана конууга тыюу салынып жатты, себеби, мамлекеттик органдар билдиргендей, түнкүсүн Москва облусунда учкучсуз учак атып түшүрүлгөн.

Украина менен чектешкен Белгород облусунда 10 ракетаны атып түшүрүшкөнүн жергиликтүү бийлик башчысы Вячеслав Гладков билдирди. Аталган аймак буга чейин да аткылоого кабылган. Орус тарап бул үчүн Украинаны айыптоодо. Украина эч кандай расмий комментарий бербей келет. (RK)

XS
SM
MD
LG