Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт


Бишкек шаары. Архив сүрөт.
Бишкек шаары. Архив сүрөт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 20-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Ош, Баткен облустарынын жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…-6

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°, күндүз -2…-4° суук болот.

XS
SM
MD
LG