Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Уфада полиция соттолгон активистти колдоо акциясынын катышуучуларын кармап кетүүдө


Башкырстанда митингге чыккан Алсыновдун тарапташы. Көп өтпөй аны да полиция кармап кеткени маалым болду. 19-январь, 2024-жыл.
Башкырстанда митингге чыккан Алсыновдун тарапташы. Көп өтпөй аны да полиция кармап кеткени маалым болду. 19-январь, 2024-жыл.

Башкырстандын борбору Уфанын борбордук аянтында 19-январда камалган активист Фаил Алсыновду бошотуу талабы менен ар кандай эсептер боюнча эки миңге чейин адам топтолду.

Алсынов “кастыкты козутуу” беренеси менен 16-январда төрт жылга кесилген.

Топтолгондор башкыр ырларын ырдап, бийлеп жатышат. Аянтка Росгвардиянын жана ОМОНдун күчтөрү тартылды. Далысына “Кара халык” деген жазууну илип алган активист кармалганы кабарланды. Андан тышкары Башкырстандын туусун жамынып алган кишини да полиция жетелеп кеткени маалым болду. Жалпысынан ондон ашуун адам кармалганын телеграм-каналдар жазышууда.

Башкырстандын Ички иштер министрлиги уруксат берилбеген акцияга катышкандар жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.

17-январда Алсыновго өкүм чыгары менен Башкырстанда жапырт нааразылык акциялары башталды. Демонстранттарды таркатуу үчүн күч түзүмдөрү таяк, жаш чыгарчу, кулак тундуруучу гранаталарды колдонду. Сегиз киши кармалып, иш козголду.

Активистке каршы иш Башкырстандын башчысы Радий Хабировдун арызынын негизинде козголгон. Буга Алсыновдун 2023-жылы 28-апрелде Баймак районунун Ишмурзино кыштагында эл алдында сүйлөгөн сөзү себеп болгон. Тергөө Алсынов "Кавказдын жашоочулары", "Орто Азиянын" жана "армяндар" деген сөздөрдү колдонуп, кишилер тобунун адамдык ар-намысын кемсинткен деп эсептей турганын билдирген.

Адвокаттын айтымында, активистти "кара халык" деп айтканы үчүн айыпташты. Бирок, жактоочунун белгилешинче, бул жерде сөз кара эмес, карапайым деген мааниде айтылган.

Активист коюлган айыптоолордун баарын негизсиз деп, четке кагууда.

Алсынов мурда "Башкорт" деген уюмдун жетекчиси болчу. Бул уюмду Орусия бийлиги 2020-жылы экстремисттик деп жарыялап, өлкө аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салган.

Алсынов 2018-жылы Башкырстандын Ишимбай районунда жайгашкан Куштау тоосун коргоп калуу үчүн уюштурулган акциялардын катышуучусу болгон.

XS
SM
MD
LG