Орусиянын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Екатеринбургдагы рейд маалында мигранттарды кодулаганы тууралуу маселе 22-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында көтөрүлдү. Комитет төрагасы, депутат Улан Примов Орусиянын Мамлекеттик Думасынын тармактык комитетине кайрылуу болорун билдирди.
"Ыдык көрсөтүү окуясы боюнча Тышкы иштер министрлиги аркылуу Орусиядагы элчиликке, Екатеринбург шаарындагы консулга иш-чараны толук кандуу иликтеп, Орусиянын мыйзамдарына ылайык буга тиешеси бар кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо боюнча талап кылабыз. Мындан ары евразиялык алкактагы бир уюмга мүчө болгондон кийин биздин мекендештерге сый мамиле менен тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүнү суранып кетебиз", - деди Примов.
Окуя 17-январда Екатеринбург шаарында болгон. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Екатеринбургдагы Башкы консулдукка таянып тараткан маалыматка караганда, мындай кодулоого туш болгондор арасында үч кыргызстандык болгон.
Орусиянын бул шаарындагы үч курулуш объектисинде жалпысынан 150 чет өлкөлүктүн документтери текшерилген, анын кыркы кыргызстандыктар экени аныкталган. ТИМ Кыргызстандын жарандарынын арасында Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандар болбогонун билдирген. Ошондон улам аларды орус жергесинен чыгаруу чечимдери кабыл алынган эмес.
Мекеме интернетте тараган видеонун чоо-жайын тактаганда, кыргызстандык жарандар текшерүү маалында мигранттар укук коргоо органдарынан качууга аракеттенгенин, полиция аларды кармап, кодулаганын айтып беришкен.
Министрлик Кыргызстандын жарандары полиция кызматкерлерине каршы арыз жазуудан баш тартканын кошумчалап, консулдук мигранттарды кемсинткен жоруктун мыйзамдуулугун териштирип жатканын белгилеген.
Орусиянын укук коргоо органдары Екатеринбургда мигранттар арасында текшерүү жүргүзүлүп, алардын аскерге милдеттүүлүгү аныкталганын, айрымдарына согушка чакыруу кагаздары тапшырылганын маалымдашкан.
Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салгандан кийин бул мамлекетте эмгектенип, жашап жүргөн түбү чет өлкөлүк, бирок Орусиянын жарандыгын алгандарды согушка жапырт тартуу күчөгөн.