Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:06

УКМК Ленин районунун башкы архитектору пара менен кармалганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети 22-январда Бишкек шаарынын Ленин районунун башкы архитектору А.Н.М. жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик картографиянын экономикалык бөлүгү боюнча бөлүмүнүн башчысы М.Ж.А. пара талап кылууга шектелип кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, шектүүлөр Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (“Опузалап пара алуу”) 1-бөлүгү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарында 1 миң АКШ доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

Атайын кызмат Ленин районунун башкы архитектору А.Н.М. коммерциялык объектилерди бузуу шылтоосу менен ар бир курулуштан 2-3 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталганын маалымдады.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө жана башка кызмат адамдарынын бул коррупциялык схемага катышуусу бар экендиги аныкталууда.

Кармалгандар жана алардын жакындары, тиешелүү мамлекеттик мекемелер УКМКнын маалыматын комментарийлей элек.

Кыргызстанда курулуш тармагын көзөмөлдөгөн мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалган учурлар утур-утур катталып келет. Былтыр март айында атайын кызмат "Бишкекбашкыархитектуранын" бөлүм башчысы пара алууга шек саналып кармалганын, “мекеменин айрым кызматкерлери туруктуу коррупциялык схема уюштуруп алганы" аныкталганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG