Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:04

Беларуста "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналистине иш козголду


Сергей Дубовец.
Сергей Дубовец.

Беларуста «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун беларус кызматында иштеген журналист Сергей Дубовецке байланыштуу иликтөө башталды. Бул тууралуу 23-январда өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Журналистке нацизмди реабилитациялаган, Беларустун авторитардык башкаруучусу Александр Лукашенконун аброюна шек келтирген, социалдык кастыкты козуткан, Беларус тууралуу жалган маалымат тараткан жана Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда беларустар геноцид болгонун четке каккан деген мазмундагы айыптар тагылды. Бул беренелер боюнча айыпталгандар 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

«Дубовецтен сура» деген аналитикалык түрмөктүн автору жана алып баруучусу, чет жакта жашаган Сергей Дубовец мекенинде коюлган айыпты четке кагып, журналисттик этиканын жана нормалардын чегинен чыкпай иштеп келе жатканын билдирди.

65 жаштагы Дубовец белгилүү журналист, жазуучу жана адабий сынчы.

Беларуста 2022-жылдагы президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң журналисттерди кармоо күчөгөн. Ал шайлоонун жыйынтыгы менен Лукашенко дагы алты жылга шайланган. Анын жеңишин Батыш мамлекеттери жана оппозиция тааныган эмес.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун журналисттери, алты жылга эркинен ажыратылган Андрей Кузнечик, 15 жылга эркинен ажыратылган Игорь Лосик Беларуста камакта отурушат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG