Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Кемпир-Абад иши: абактагы Махмудов кыйноого кабылганын айтып чыкты


Темир Махмудов.
Темир Махмудов.

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын бири Темир Махмудов тергөө абагында күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айтып чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын жактоочусу Асель Аргынбаева 24-январда билдирди.

Махмудов адвокатына аны конвойлор камерасына кирип, орой сөздөрдү айтып, коркутканын айтып берген. Аргынбаева бул окуядан кийин тергөө абагынын жетекчилиги менен сүйлөшүп, маселе жөнгө салынганын, мындай көрүнүш кийин да кайталанганын билдирди.

“Махмудовдун айтышынча, 22-январдын кечинде абакта тыюу салынган заттарды издөө үчүн камераны текшерген маалда да психологиялык басым көрсөтүшүп, келекелешкен. Мен азыр бул окуя боюнча Махмудовдун айткандарын гана билем, муну тергөө абагынын жетекчилигинен да тактайм”, - деди адвокат.

Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматы Махмудовдун билдирүүсү боюнча кызматтык териштирүү жүрө турганын билдирди. Ошондой эле абактарда көзөмөл камералары орнотулганы себептүү ал жерлерде кыйноо болушу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта алардын 12си тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин 2023-жылы июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. Иш “жашыруун” деген негиз менен соттук жараяндар жабык өтүп жатат. Шектүүлөр отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG