Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

Орунтаев жер титирөөдөн кийин 100дөй кайрылуу түшкөнүн билдирди


23-январга караган түнү катталган жер титирөөдөн кийин Мамлекеттик курулуш агенттигине 100дөй кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев Бишкектеги турак үйлөрдүн сапатын текшерүү учурунда журналисттерге билдирди.

Орунтаев бардык кайрылуулар боюнча мекеменин кызматкерлери жеринде иш алып барганын, олуттуу жабыркаган имараттар жокко эсе экенин, “шыбактар түшүп калган техникалык гана маселелер болгонун” кошумчалады.

Мындан тышкары былтыр Түркияда жана Сирияда катталган зилзаладан кийин курулуштун сапатын текшерүү үчүн Кыргызстанда түзүлгөн атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкканын да билдирди.

“Ал комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюп берген. Жыйынтыгы боюнча бизде курулган объектилер бардык сейсмологиялык талаптарга жооп берет деген жыйынтыкка келген”, - деди ал.

АКШнын Геологиялык кызматынын расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, шейшембиге караган түнү Кытайда бир нече жолу жер силкинди. Алардын эң кубаттуусунун магнитудалык күчү 7 деп көрсөтүлдү.

Казакстанда термелүүнүн күчү Алматыда 5, Чымкентте 4 баллга жеткенин Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлаган. Ошондой эле Астана шаарында, Алматы облусунда, Чыгыш-Казакстан, Жетису, Жамбыл, Караганды облустарында да сезилген.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий маалыматына караганда, 23-январда түнкү саат 00:09да Кытайдын аймагында очогунда күчү 8 магнитудасына жеткен жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында жана Бишкек шаарында 4 балл болуп сезилди. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (NbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG