Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:40

Беларуста саясий туткундардын жүзгө чукул тууганы кармалып, тинтүүгө алынган


Беларус. Архивдик сүрөт.
Беларус. Архивдик сүрөт.

Беларуста соңку айларда азыр абакта отурган жана буга чейин отуруп чыккан саясий туткундардын жалпысынан жүзгө жакын тууганын кармап кетишкенин бүгүн 24-январда "Вясна" укук коргоо борбору билдирди. Кармалган 84 адамдын айрымдарын күч кызматкерлери камакка алып, калгандарынын үй-жайын тинтип, коё беришкен.

Саясатчы Николай Статкевичтин жубайы Марина Адамовичти, мисалы, «ээнбаштык» деген негизде 15 суткага камашты. Статкевич 2021-жылы 14 жылга эркинен ажыратылган, жакындарынын айтымында, соңку бир жылдан бери андан кат-кабар жок болууда.

Укук коргоочулардын айтымында, айрымдарын INeedHelpBY долбооруна байланыштырып кармашты. Бул долбоор саясий репрессиядан жапа тарткан же каржылык оор абалда турган адамдарга азык-түлүк менен жардам көрсөтүп турат.

23-январда Витебск шаарынын тургуну, 76 жаштагы демократиялык активист Борис Хамайда кармалды.

9-январда ошол эле шаарда оппозициянын лидерлеринин бири, саясий туткун Павел Северинецтин апасын кармап кетишкени белгилүү болду.

Ноябрда Беларустун демократиялык күчтөрүнүн лидери Светлана Тихановскаянын кеңешчиси Маргарита Ворихованын апасы кармалган.

"Вясна" борборунун маалыматына караганда, азыркы тапта Беларуста 1415 киши саясий туткун деп таанылган.

69 жаштагы Александр Лукашенко Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келе жатат. Аны жети жолу президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыялашкан.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы шайлоодо ал добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, анын баары күч менен катуу басылган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди кармоо да күчөгөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG