Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:47

Таласта 3-кабаттан боюн таштаган кыздын окуясы иликтенүүдө


Талас шаары
Талас шаары

Талас шаарында көп кабаттуу үйдүн үчүнчү кабатынан боюн таштаган 27 жаштагы кыздын окуясы иликтенүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук милициянын басма сөз катчысы Гүлжан Жунушова 25-январда билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, 24-январда Талас шаарындагы көп кабаттуу үйдүн 3-кабатындагы балкондон 27 жаштагы кыз секирген учурда куткаруучулар сактап калган.

"Батирдин эшиги бек болгондуктан, куткаруучулар аны талкалап, кызды кармап калайын дегенде боюн таштап жиберген. Ал учурда жерде турган кызматкерлер кызды жууркан менен тосуп калууга жетишкен. Биринчи жардамды көрсөтүп, "Тез жардам" менен ооруканага алып кетишкен", - деди Гүлжан Жунушова.

Облустук ооруканадан билдиргендей, кыздын бел омурткасы жабыркап, жүлүнү кысылып калган. Абалы туруктуу. Операцияга муктаж болгондуктан Бишкектеги 4-ооруканага которулары кабарланды. (MKt)

XS
SM
MD
LG