Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, 18-январь күнү Кочкор-Ата шаарынын тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Былтыр эки киши коркутуу жолу менен 500 000 сом акчасын, "Хонда фит" үлгүсүндөгү автоунаасын алып коюшканын айткан.
22-январда Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун эки тургуну кармалып, камалган. Милиция аларды уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү деген маалымат берди.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстанда 2023-жылы уюшкан кылмыштуу топтордун 166 мүчөсү кармалып, кылмыш иши козголгонун билдирген. Анын 67си кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек), үчөө Алмаз Бокушевдин, калган 96сы башка уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү экени кабарланган.
Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.(TB)