Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:02

Акылбек Жапаров Кызыл-Омполдо 300 млрд доллар болгон кен байлык бар экенин айтты


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде баасы 300 млрд долларга чейин жеткен кен байлык бар экенин билдирди.

Бул тууралуу өкмөт башчы президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жыйынында айтты. ЭлТР мамлекеттик телеканалы жарыялаган видеодо Акылбек Жапаров мамлекет кен байлыктарды экологияга зыяны тийбегендей жол менен иштетип, пайда көрүшү керек экенин кошумчалаган.

“Уран-уран” деп кыйкырып атышты эле Кызыл-Омпол деген кенибизде уран аз эле экен. Ал жерде 20 млн тонна титан, цирконий, бүт аз кездешкен металлдар бар экен. Илимий ишмерлер техникалык-экономикалык негиздемесин жасап берип жатышат. Алар биздин 300 млрд долларга чейин байлыгыбыз Кызыл-Омполдун эле тегерегинде экенин айтып жатышат”, - деди ал.

Расмий маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол тоо-кен участогу 1951-жылы ачылган. Ачык маалыматтарда, СССРдин убагындагы чалгындоо иштеринде анда жалпысынан 13 миң тонна уран бар экени такталган. Геологдордун айтымында, Кызыл-Омполдо уран, торий, цирконий, титан, фосфор, талаа шпаты жана башка заттардын кени уюп жатат.

Торийдин болжолдуу ресурсу жана запасы ал жерде 29 миң 252 тонна деп белгиленген. Мунун 6880 тоннасы реалдуу казса боло турган запас болуп саналса, 3390 тоннасы Таш-Булак участкасында. Башка бир эсептерде ушул Таш-Булактын өзүндө эле 8 миң 499 тонна запас бар экендиги көрсөтүлгөн.

Цирконий же циркон оксиди (диоксиди) Кызыл-Омполдо 287 миң 636 тонна деп эсептелген. Мунун 94 миң 441 тоннасы казып алууга мүмкүн деп саналган запас болсо, 34 миң тоннасы Таш-Булакка туура келет.

2019-жылдын декабрь айында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ошол эле жылдын жазында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын лицензиясын токтоткон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG