Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:33

Орусияда кыйраган Ил-76 учагынын кара жашиктери табылды

Ил-76 учагынын сыныктары. Белгород. 24-январь, 2024-жыл
Ил-76 учагынын сыныктары. Белгород. 24-январь, 2024-жыл

Орусиянын “Новости” агенттиги өзгөчө кырдаалдар кызматтарына шилтеме жасап, шаршембиде Белгород облусунда кырсыкка учураган Ил-76 учагынын кара жашиктери табылганын кабарлады. ТАСС маалымдагандай, учуунун параметрлерин жана пилоттордун сүйлөшкөнүн жаздырган жабдыктар Москвадагы лабораторияда изилденет.

24-январда эртең менен орусиялык Ил-76 аскердик-транспорттук учагы кыйроого учураган. Орусиянын Коргоо министрлиги анын бортунда айырбаштоо үчүн салып бараткан украиналык 65 согуш туткуну жана аларды коштогон 3 киши, экипаждын 6 мүчөсү болгонун билдирген. Министрлик алардын бардыгы каза тапканын белгилеп, кырсыкты теракт деп атап, анын артында украин куралдуу күчтөрү турат деп айыптаган.

Расмий Киев кырсыктын версияларын бышыктаган жок, бирок төгүнгө да чыгарган жок. Чалгын кызматы ал күнү чындап эле туткун айырбаштоо пландалганын, бирок украин тарап буга чейинкидей болуп “Белгород шаарынын үстүндөгү аба мейкиндигинин коопсуздугун сактоо тууралуу кабардар кылбаганын” билдирди.

Украиналык маалымат каражаттары бейшембиде жазгандай, Ил-76нын кулашына байланыштуу “согуш жүргүзүүнүн мыйзамдарын жана жол-жоболорун бузуу” беренеси менен кылмыш иши иликтенип жатат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский: "Орусиялыктар украин туткундарынын өмүрү, алардын жакындарынын сезими жана биздин коомчулуктун маанайы менен ойноп жатышат", - деп, учактын кыйрашын эл аралык деңгээлде иликтөөнү талап кыларын билдирди.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков азырынча эч кандай комментарий бере албай турганын, себеби маалымат чогултулуп жатканын айтты.

XS
SM
MD
LG