Британия жана АКШ Кызыл деңиздеги соода кемелерине чабуул коюуну жетектеген же колдогон Йемендеги хусилердин жогорку өкүлдөрүнө санкция салды. Кол салуулар товар ташууну үзгүлтүккө учуратып, глобалдык инфляция коркунучун пайда кылды жана Газадагы согуштун кесепеттери Жакынкы Чыгыштагы бейстабилдүүлүккө алып келет деген тынчсызданууну ого бетер күчөттү.
Рейтер агенттиги жазгандай, "кара тизмеге" киргендердин арасында хусилердин коргоо министри Мохамед Насер ал-Атифи, деңиз күчтөрүнүн командачысы Мухаммад Фадл Абд ал-Наби жана башкалар бар.
Британия санкциялар козголоңчулардын Кызыл деңиздеги кемелерди бутага алуу дараметин жок кылууну, Йеменде тынчтык орнотууну максат кыларын билдирди.
Куралчан топ 2014-жылы Йемендин эл аралык коомчулук тааныган өкмөтүнө каршы козголгон. Ошондон бери өлкөнүн ири бөлүгүн, анын ичинде баш калаа Санааны, Кызыл деңиздин жээгин көзөмөлдөйт.
Былтыр 19-ноябрдан бери хусилер соода кемелерине чабуул коюп келатат. Муну менен алар Газадагы Израилдин аскердик операциясы үчүн өч алып жатканын айтышууда.
Жыл башында АКШ жана Британия куралдуу топтун жайларын бир нече ирет бутага алган.
АКШ президенти Жо Байден 18-январда билдиргендей, Вашингтон Ирандын колдоосуна ээ Йемендеги хусилердин түзүмдөрүнө сокку урууну улантат.
17-январда Кошмо Штаттар хусилерди “Глобалдык террордук топтордун” тизмесине киргизген.