Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

Адам сатууга шектелген аялдар Түркиядан Өзбекстанга депортацияланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда адам сатууга шектелип издөөдө жүргөн эки аял Түркиядан Ташкентке депортацияланды. Бул тууралуу Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу билдирди.

Маалыматка караганда, 39 жаштагы Дилноза Умаровага 2018-жылы, 41 жаштагы Мавлудахон Улмасовага 2017-жылы издөө жарыяланган. Экөө тең 10-январда Өзбекстан менен Түркиянын Ички иштер министрликтеринин биргелешкен операциясында кармалып, 24-январда мекенине депортацияланды.

Буга чейин түрк полициясы Чанаккал аймагында "сексуалдык эксплуатация максатында адам сатуу" айыбы менен Интерполдун издөөсүндө жүргөн Нилуфар Мирханова аттуу өзбек жараны кармалганын билдирген.

Маалыматка караганда, 40 жаштагы Мирханова Түркияга Орусиядан, Беларустан, Кыргызстандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан кыз-келиндерди алып барып, ортомчулар аркылуу сойкуканаларга ишке орноштуруу менен алектенген. Ал быйыл 10-январда Ташкентке депортацияланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG