Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Токаев Алматынын жарандык коргонуу системасы жер титирөөгө даяр болбогонун билдирди


Жер титирөөдөн улам сыртка чыккан тургундар. Алматы, Казакстан. 23-январь, 2024-жыл
Жер титирөөдөн улам сыртка чыккан тургундар. Алматы, Казакстан. 23-январь, 2024-жыл

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев сейсмикалык коопсуздук маселеси боюнча Алматыда өткөн жыйында шаардын жарандык коргонуу системасы жер титирөөгө даяр эмес болгонун билдирди. Бул тууралуу Акордонун сайты кабарлады.

Казакстанда 2021-жылы өлкөдөгү сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылуучу иштердин натыйжалуулугун арттырууга багытталган чаралар бекитилген. Анда 2023-жылга чейин Алматыда катуу жер титирөөлөрдү алдын ала эскертүүчү автоматташтырылган системаны ишке киргизүү чарасы да каралган.

"Адаттагыдай эле отчёттордо бул иштин аткарылганы жазылган. Бул максаттар үчүн бөлүнгөн каражат сарпталып, объектилерди кабыл алуу актысына кол коюлган. Башкы прокуратурага Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги менен биргеликте бул маселени карап чыгып, каражаттын кайда жумшалганын, эмне үчүн алдын ала эскертүү системасы иштебей калганын аныктоо үчүн бир ай убакыт берем", – деди Токаев.

Президент 2024-2028-жылдарга сейсмология тармагын өнүктүрүүнүн комплекстүү планын даярдап жаткан өкмөткө сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо жолдорун кайра карап чыгууну тапшырды.

Токаев мындан тышкары өзгөчө кырдаалдар министри Сырым Шарипхановго кайрылып, азырынча анын ишинин жыйынтыгы көрүнбөй жатканын билдирди.

"Бул ишти канааттандыраарлык деп айтууга таптакыр болбойт. Министр Шарипхановго кайрылам. Эгер өз ишиңизди алгылыктуу деп эсептебесеңиз мага кабарлаңыз, бул жерде уяттуу эч нерсе жок. Илимий-окутуучулук ишке кайтып келели. Азыр министрликтин ишмердүүлүгүндө жана жалпысынан өзгөчө кырдаалдар учурунда келип чыга турган көйгөйлөрдү чечүүдө практикалык мамиле керек. Кырдаал өтө оор жана жоопкерчиликтүү, ал өлкөбүздүн коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизет", – деди Токаев.

23-январга караган түнү Алматыда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Тургундардын көбү үйлөрүнөн качып чыгып, көчөдө же унааларында отурууга аргасыз болушкан.

Жер титирөөдөн кийин Алматыда дээрлик 70 киши медициналык жардам сурап ооруканаларга кайрылган.

АКШнын Геологиялык кызматынын расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, шейшембиге караган түнү болгон жер титирөөнүн очогу Кытайда катталып, магнитудалык күчү 7 баллга жеткен. Силкинүү ал күнү Кытайда бир нече жолу болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG