Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

Жазуучу Мирзохалим Каримов дүйнөдөн кайтты


Белгилүү кыргыз-тажик жазуучусу, котормочу жана публицист Мирзохалим Каримов 72 жаш курагында, узак оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу жакындары "Азаттыкка" кабарлашты. Маркумдун тажиясы 26-январда өзү жашаган Токмок шаарындагы 1-дача айылында болот.

Былтыр апрель айында “Азаттык” Мирзохалим Каримов бир нече дарт менен алышып, оор абалда жатканы тууралуу көрсөтүү даярдаган. Анда ал үч жылдан бери шарты жок темир павильондо жашаганы айтылат.

Жазуучунун абалы коомчулукка маалым болгондон кийин айрым жарандар жардам көрсөтүп, президенттин фондунан 100 миң сом берилген.

Мирзохалим Каримов Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулуп-өсүп, 1970-жылдардын аягында Кыргызстанга көчүп келип, жашап калган.

Жазуучунун кыргыз тилинде жазылган "Мажүрүм тал", "Кыя жолдор", "Зындан", "Кыз күйүтү" баштаган жыйырмадай көркөм-адабий китептери жарык көргөн.

Мындан сырткары Тажикстандын Кара-Тегин өрөөнүндө жашаган кыргыздардын салт-санаасы, маданияты, этнографиясы камтылган "Жер жылдызы – Жерге-Тал", "Кара-Тегин", "Кара-Тегин кыргыздары" аталышындагы китептери чыккан. Бир катар тажик жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Мирзохалим Каримовго 2017-жылы улуттардын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн мамлекеттик "Даңк" медалы ыйгарылган.(ZKo)

"Бөйрөгүн алмаштыруу керек". Жазуучу Каримов жардамга муктаж
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:32 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG