Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Камактагы 11 журналисттин жакындары маалымат жыйынды эшикте өткөрүштү


Жапырт камалган журналисттердин жакындары. Бишкек, 26-январь
Жапырт камалган журналисттердин жакындары. Бишкек, 26-январь

16-январда жапырт кармалып, камалган 11 журналисттин жакындары алдын ала макулдашылган маалымат жыйынын Бишкектеги "Парк отель" мейманкасында өткөрө албай калышты. Отелдин жетекчилиги "суу таамп жатат" деген негиз менен жыйын өткөрүүгө уруксат берген жок. Алар менен чогуу келген укук коргоочу Азиза Абдирасулова залдын тамчы тамбаган бир бурчуна маалымат жыйын өткөрө берсе болорун билдирди. Мекеменин кызматкерлери ага макул болгон жок. Журналисттердин жакындары бул тууралуу аларга алдын ала маалымат берилбегенин айтып жатышат. Алар маалымат жыйынды эшикте өткөрүп, бийликти журналисттерди бошотууга чакырды. Камалгандардын жакындары "журналисттердин күнөөсү жок, алар болгону ишин кылышты" деп эсептешет.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алар 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камалган.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

Президент Садыр Жапаров 19-январда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине медиа тармагындагы акыркы окуяларга комментарий берген. 24.kg сайтынын иши тергелип жатканын, мыйзамда каралган бардык жол-жоболор жасалышы керек экенин айткан.

Ал эми камакка алынган 11 адамды “алар кесипкөй журналист эмес", "социалдык тармактарда ар кандай маалыматтарды чыгарып, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат” деген.(КЕ/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG